Тажик тарап баштаган көпүрө курулушу токтотулду
Толугу менен баткен
- Видео. Баткенде чыр эмнеден башталганы белгилүү болду
- Баткенде жергиликтүү эл Улан Үсөйүнгө кол салууга аракет кылышты
- Баткендин губернатору Рахмонго учурашып жатып колун төшүнө койбой койду
- Google картада кыргыз айылдары Тажикстанга карап калган. Аны кантип өзгөртсө болот?
- "Ишенген малдарым ордунда экен". Чыр башталган Көк-Таш айылынын азыркы абалы
Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесинде салына баштаган көпүрөнүн курулушу токтотулду.

Маалыматка караганда, бүгүн Самаркандек айылындагы чек арада Тажикстан жарандары көпүрө курууга аракет кылып, 12 даана атайын даярдалган бетондорду түшүрүп, казуу иштерин баштаган.
“Бул окуя боюнча эки өлкөнүн чек ара кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугуп, сүйлөшүү жүргүзүп, курулуш иши башталган аймак Кыргызстанга таандык экени такталгандан кийин тажикстандыктар шаймандарын жана бетондорун алып чыгып кетишти, казылган жай калыбына келтирилди” деп билдирди акимчиликтин маалымат кызматы.