Жаңылыктар

Тажик тарап баштаган көпүрө курулушу токтотулду

Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесинде салына баштаган көпүрөнүн курулушу токтотулду.

Маалыматка караганда, бүгүн Самаркандек айылындагы чек арада Тажикстан жарандары көпүрө курууга аракет кылып, 12 даана атайын даярдалган бетондорду түшүрүп, казуу иштерин баштаган.

“Бул окуя боюнча эки өлкөнүн чек ара кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугуп, сүйлөшүү жүргүзүп, курулуш иши башталган аймак Кыргызстанга таандык экени такталгандан кийин тажикстандыктар шаймандарын жана бетондорун алып чыгып кетишти, казылган жай калыбына келтирилди” деп билдирди акимчиликтин маалымат кызматы.

Яндекс.Метрика