Жаңылыктар

Тажик тарап «Головнойго» кайрадан видеокөзөмөл орнотту

Тажикстандын Исфара шаарынын аткаруу комитетинин төрагасы Баховаддин Баходурзода 19-июлда видеобайкоочу камера “Головнойдон” он метрдей Тажикстан тараптагы даракка орнотулганын “Озоди” радиосуна билдирди.

«Видеобайкоочу камера суу бөлүштүрүүнү жана сунун деңгээлин көзөмөлдөө үчүн зарыл. Камера эки өлкөнүн чек арасын аныктабайт. Ал эми суу бөлүштүргөн жай тууралуу эки тарап кол коюлган макулдашууларга ылайык өзүнө алган милдеттемелерди так аткарып жатат».

Баткен облусунун жетекчисинин орун басары Маруфхан Тулаев буга байланыштуу «Азаттыкка» комментарий берип жатып, чыр чыккан жерди кыргыз аскерлери кайтарып жатканын, анда видеокөзөмол орнотулбаганын айты.

«Мурдагы жаңжал болгон жерге, суу бөлүштүргөн «Головнойго» эч кандай видеобайкоо орнотулган жок. Орнотулбайт, ага жол да бербейбиз. Учурда «Головнойду» Кыргызстандын аскерлери көзөмөлдөп турат. Тажик тарап видеобайкоо орнотуу тууралуу бизге билдирме да берген эмес. Алар Тажикстандын аймагына, аскерлери жайгашкан тилкелерге камераларды орноткон болушу мүмкүн».

“Головной” тилкесинде тажик тарап 28-апрелде электр мамыларына видео камераларды орното баштаган. Кыргызстандын чек ара кызматкерлери бул жерге барып, ишти токтотууну талап кылган.

Өкмөттүн ошол кездеги Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев тажик тарап суу бөлүштүрүүчү жайды чогуу көзөмөлдөөнү сунуш кылганын, бирок Кыргызстан ал сунушка макул болбогонун билдирген.

Яндекс.Метрика