Жаңылыктар

Тажик жарандары Бишкекте чет элдик жарандан 40 миң доллар уурдашкан

Чүй облусундагы Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору Пакистандын жарандарынан 40 миң долларга жакын акча уурдаган шектүүлөрдү кармады.

Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди. Бишкекте 13-январда Тажикстандын жарандары башка чет элдиктерди сабап, акчаларын тартып алышканы такталган. «Сосновка» стационардык постунда «Перехват» планы киргизилген. «Инспекторлор документтерди текшерүү үчүн Мерседес унаасын токтотушкан.

«Ичинде тажик улутундагы адамдар болгон. Айдоочунун документин текшерип жаткан учурда айдоочу менен ичиндеги жүргүнчүлөр катуу тынчсызданып башташкан. Аларды тергөө оперативдик тобу келгенге чейин кармап турушкан. Текшерүү учурунда чоң суммадагы акча табышкан, анын келип чыгышын түшүндүрө алышкан жок,»- деп билдиришти Жол кайгуул кызматынан.

Яндекс.Метрика