Жаңылыктар

Тажикстан 20дан ашуун адам каза болгонун айтышууда

Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан улам коңшу өлкө 20дан ашуун жаранын жоготту. Андан тышкары 200дөн ашуун адам жаракат алганын тажикстандык «Азия-Плюс» басылмасы жазып чыкты.

Мындай маалымат эртең мененки саат 07:15ке карата алынып, Исфара жана Бобожон Гафуров районунда жаракат алгандардын саны 90дон ашуун болсо, 10дон ашык адам каза болгон. Ал эми ушул эле убакытка карата Кыргыз өлкөсүндө жаракат алгандар 134 болсо, каза болгондордун саны 13кө жеткен.

Яндекс.Метрика