Тажикстан фейк сүрөттөрдү жарыялап өз элин алдап жатат
Бүгүн, 5-май Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети кыргыз-тажик чек арасындагы аскердик жаңжалдан келтирилген чыгымдын алдын-ала эсептелгендиги жөнүндө маалымат жарыялады.
Чиновниктердин пресс-релизине сүрөт тиркелип анда Гафуров районунун Овчикалача Бобожон айылындагы жана Согди облусунун Исфара шаарынын Сурх, Воруз, Чорку жамааттарындагы жаңжал учурунда сүрөт тиркелген. Анда кыйраган үйдүн сүрөтүн көрүүгө болот.
Тажик чиновниктери өз өлкөсүнүн жарандарын жана эл аралык коомчулукту адаштырып жатышат. Бул сүрөттү Кыргызстандын «Клооп» порталынын оператору Хамидулло Узаков 2-майда Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылында тарткан.
Үй кыргыз жараны Назимбайга таандык болгон. Турак үй 30-апрелге караган түнү өрттөлгөн.
Эки өлкөнүн медиа коомчулугу жана жарандык активисттери буга чейин тараптарды ишенимдүү маалымат берүүгө чакырып келишкен.
Маалыматка ылайык Лейлек районундагы Максат айылы толугу менен өрттөнүп кеткен.