Тажикстанда кармалып тургандардын жакындары митингге чыгышты
Толугу менен баткен
- Видео. Баткенде чыр эмнеден башталганы белгилүү болду
- Баткенде жергиликтүү эл Улан Үсөйүнгө кол салууга аракет кылышты
- Баткендин губернатору Рахмонго учурашып жатып колун төшүнө койбой койду
- Google картада кыргыз айылдары Тажикстанга карап калган. Аны кантип өзгөртсө болот?
- "Ишенген малдарым ордунда экен". Чыр башталган Көк-Таш айылынын азыркы абалы
Митингге чыкканда бүгүн, 22-февралда Баткенде облустук акимчиликтин алдына чогулуп, түрдүү себептер менен Тажикстанда кармалып турган туугандарын бошотуп берүүгө көмөктөшүүсүн облустук бийликтен талап кылышты.

Чогулгандардын айтуусунда, «чек арадан мыйзамсыз өткөн», «аткезчилик товар ташыган» деген себеп менен жыл башынан бери жыйырмадан ашуун адам Тажикстанда кармалып, камалып турат.
Ушул тапта чогулгандардын өкүлдөрү акимчиликтин жыйындар залында өкмөттүн облустагы өкүлү Өмүрбек Суваналиевди күтүп жатышат. Залга журналисттер киргизилген жок.
Кыргызстандык жарандардын кармалганы тууралуу Тажикстан тараптан расмий маалымат жок. Буга чейин Тажик тарап 22 кыргыз жаранын барымтага алганы айтылган.