Видео Жаңылыктар

Тажикстанда саясий абал курч болуп, чек арадагы чырды оппозиция баштаганбы?

Тажикстанда ички саясий абал курчуп, дестабилизация башталганын, бийлик менен оппозиция тиреши күчөп жатканын, чек арадагы чырды дагы оппозиция тарап чыгарганын Тажикстандын айрым тургундары айтышууда.

Президент Эмомали Рахмондун күйөө баласы бийликке келүү аракетин көрүп жатканы айтылды. Кечээ, 29-апрелде президенттин буйругу жок чымын уча албаган өлкөдө облус губернаторунун сөзүн райондун акими укпай койгону айтылган.


Баткендин губернатору Өмүрбек Суваналиев дагы ок атпоо келишимин кабыл алгандан кийин тажик тарап кайра ок чыгарганын түшүнө албай жатканын билдирген.

Тажик президенти ушул убакка чейин чек арадагы чыр боюнча үн ката элек.
Эске салсак Эмомали Рахмон СССР тарагандан бери Тажикистанды башкарып келет.

Учурда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун кызматтан кетишин талап кылган «Ислох» сайтынын башчысы Мухаммадикболи Садриддин баштаган эстафетасын Тажик жарандары колдоп жатышат. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн маалымат каражаттары жазып, атүгүл видео жарыялашты.

Анда «Эмомали Рахмон дээрлик 30 жылдан бери кландык башкаруусун күчөтүп, тууган-уругу менен Тажикстанды жок кыла турган болду. Мамлекетти карызга батырды, коңшу өлкөлөр менен достугубузду жок кылды. Буларга импичмент жарыялансын», — деп билдиришкен.

Буга чейин тажик тараптан 20дан ашуун адам каза болгону айтылган.

Яндекс.Метрика