Дүйнөдө Жаңылыктар

Тажикстанды чегирткелер каптап жатат

Тажикстандын Айыл чарба министрлиги чегирткелер айдоо аянттарынын 83 миң 944 гектарына жайылгандыгын билдирди.

Учурда 67 миң гектарга жакын аянтта химиялык тазалоо иштери жүргүзүлдү. Чегирткелер менен күрөшүүгө ондогон шаймандар, аэрозоль машиналары жана башка каражаттар тартылган.

Министрликтин алдында чегирткеге каршы күрөшүү боюнча экспедиция иштеп жатат, ал учурда талааларды чегиртке басып кетпөө үчүн бардык чараларды көрүп жатат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматы боюнча, орточо чегирткелердин үйүрү бир жылда 2500 кишини тойгуза турган эгинди жок кылышы мүмкүн.

Борбор Азиянын айрым серепчилери Тажикстан чегирткелерге каршы тура албастыгын айтып, күздөн тарта азык-түлүк каатчылыгы болорун болжолдошууда.

Эске салсак Тажикстандын көпчүлүк аймактарында жазы менен сел жүрүп, бир нече турак үйлөр жана айдоо жерлери жарактан чыккан.

Яндекс.Метрика