Видео Жаңылыктар

Тажиктер кайрадан Ош-Исфана жолун жаап салышты

Баткен облусунун Төрт-Көчө аймагындагы Ош-Баткен-Исфана жолу кайрадан жабылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Бүгүн саат 11.00 чамасында Тажикстандын жарандары буга чейин жетишилген келишимдерге карабастан кайрадан унаа жолун жаап салышканы такталды. Райондо кырдаал курч.

Алардын айтымында, тажик тарап жолго шагыл төктү. Лейлектин Арка деп аталган жеринде ок атылганы тууралуу да айтылып жатат. Облус бийлигинин басма сөз кызматы бул тууралуу азырынча маалыматы жок экенин билдирди. Тажик тарап да расмий маалымат бере элек.

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан Төрт-Көчө участогунан Баткен-Исфана автожолу өтөт. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы 1-майда саат 9.00гө карата Баткен облусунун аймагында абал туруктуу экенин билдирген.

Видео:

Яндекс.Метрика