Жаңылыктар

Тажиктер кармап кеткен жоокер тирүү болуп чыкты

Кыргызстандын чек арасына Тажикстан басып кирген жаңжалда бир кыргыз аскери өз жоокерлерин коргош үчүн тажиктерге багынып берген видео интернетке тараган.

Социалдык тармактын колдонуучулары аскер Гүлжигит Бектенов экенин, 16-сентябрда Лейлек районунда күжүрмөн тапшырмаларды аткарып жүргөнүн аныкташкан.

Социалдык тармактардын колдонуучуларынын айтымында, Бектеновдун отряды иш жүзүндө курчоого алынган, бирок ал аскерлерге позицияны таштап кетүүгө буйрук берген, ал эми өзү болсо тажиктерди алаксытуу үчүн кала берген.

Ал колдорун көтөрүп, андан соң ар кандай айла-амалдарды жасоо менен шериктерине артка чегинүү үчүн убакыт алган.

Маалым болгондой, видеодогу жоокер Бектенов эмес, 27 жаштагы Адилет Санарбек уулу болуп чыкты. УКМКнын чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, ал тажик тарабынан кармалып, 19-сентябрда Кыргызстанга өткөрүлүп берилген.

«Азыр ал Баткен облусунда», — деп түшүндүрүштү ведомстводон.

Яндекс.Метрика