Жаңылыктар

Тажиктер куралдуу күчтөрүн кыргыз жеринен алып чыгып кетишти

Төрт-Көчө ачылып, Тажикстан Кыргызстандын “Кызыл-Бел” чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайына жакын аймактан куралдуу күчтөрүн алып чыгып кетти. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Баткен жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев менен Раджоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында, эки тараптан атайын комиссия түзүлүп, кырдаалды турукташтыруу боюнча ыкчам иш алып барылды.

Баткен облусунан комиссиянын курамында ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, Баткен ОИИБнын башчысы Мурат Боронов жана Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын башчысы Кыялбек Толонбаевдер болду.

Облус башчыларынын тапшырмасынын негизинде түзүлгөн эки тараптуу комиссиянын ишинин натыйжасында, Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймагынан өткөн Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө жолу ачылып, каттам калыбына келди.

Расмий маалыматтар боюнча 31 кыргыз жараны каза болуп, 150дөн ашык адам жаракат алган. Ондогон үйлөр, чек ара заставалары, дүкөндөр, мамлекеттик имараттар, май куюучу жайлар өрттөнүп кеткен.

Яндекс.Метрика