Видео Жаңылыктар

Тажиктер окоп казып жаткан видео тарады

Лейлек районунун Коргончо айылында тажик жоокерлери окоп казып жатышат. Бул тууралуу жергиликтүү тургун видео жүктөгөн.

«Самат айылынан өткөндөн кийин Коргончо деген айыл бар. Ошол айылдагы дөңсөөдө тажик жоокерлери окоп казып жатышат.

Ал жерге снайпер жайгашса жолдон өткөндөрдү атууга ыңгайлуу болуп калат. Ошондуктан айыл тургундарын, ушул жолдон өткөндөрдү абайлап жүрүүгө чакырам. Видео бүгүн, 1-майда 10:50дө тартылды», — деди тургун.

Видео:

Яндекс.Метрика