Дүйнөдө Жаңылыктар

Тажиктер Жерге-Талдагы кыргыздарды депортация кылып башташты

Тажикстан Жерге-Тал районундагы кыргыз паспортун алган жарандарды депортация кыла баштады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар 24.kg маалымат агенттигине билдирди.

Алардын айтымында, акыркы бир жумада Тажикстан паспорттук көзөмөлдү күчөткөн.

«Кыргызстандын жарандыгын алгандар аныкталып, дароо облус борборуна жеткирилет. Алар тез арада кыргыз паспортторунан баш тартууну жана Тажикстандын жарандыгын алуусун талап кылышууда. Ал эми макул болбогондор Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Карамык өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга депортацияланат. Жада калса буюмдарын чогултканга убактысы жок», — дейт жергиликтүү тургун.


Анын айтымында, Жерге-Тал районунда 30 миң этникалык кыргыз жашайт. Кыргызстандын жарандыгын негизинен жаштар алышат.

“Буга чейин алар Кыргызстандын жарандыгын алып, миграциялык күбөлүк беришип, эркин жашап, иштеп жүрүшкөн, анткени бул жерде көпчүлүгүнүн ата-энелери жана туугандары бар. Бирок абал өзгөрдү.

Жакында эле кыргыз тилдүү мектептер кыскартылууда, алардын бардыгы тажик тилинде окутууга өтүп жатышат», — деп кошумчалады жергиликтүү тургун.

Яндекс.Метрика