Жаңылыктар

«Тажиктерди көчүрүп салыш керек» деп айткан кыздын туугандары митингге чыгышты

Бишкекте Өкмөт үйүнүн жанында расалык, этникалык, улуттук, диний же этностор аралык кастыкты козутту деп айыпталып кармалган кыздын туугандарынын митинги өттү.

20 жаштагы Аксана Кемелбекованын бир тууган агасынын айтымында, алты күн мурун кыз кармалып, Панфилов районунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кыз үн билдирүүсүн жаздырып алган, анда ал «Тажикстандыктардын бардыгын көчүрүү керек» деп айткан. «Аудио Аксананын досунун телефонуна жаздырылган, ал аны Тажикстандан келген мигранттар чогулган WhatsApp тобуна жөнөткөн.

Биз тергөөчүдөн аудиону угууга уруксат берүүсүн өтүндүк, бирок ал макул болгон жок. Балким, биздин кызга курбусу кур жалаа жаап жаткандыр. Биздин адвокат камакка алууну мыйзамсыз деп эсептейт ”, — деди нааразы болгондордун бири.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы чагымчыл билдирүүлөрдү таратууга шектелген эки кыз аныкталып, Панфилов районунда кармалды деген маалыматты тастыктады.

«Милицияга WhatsAppта тараган аудио жазуу келип түштү, ал жерде аял Чалдовар айылынын тургундарын Тажикстандын жарандарынан кутулууга чакырган. Экспертиза таратылган аудиодо улуттар аралык жаңжалга чакырыктар бар экендигин аныктады.

Факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Расалык, этникалык, улуттук, диний же этностор аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча катталган. 22-майда милиция кызматкерлери кылмышка шектүү эки кызды кармашкан. Сот камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандап алды», — деп түшүндүрүштү ШИИБден.

Яндекс.Метрика