Видео Кызыктуу

Тажиктерге кыргыздарды жамандаган кыз кечирим сурады

Тажик-Кыргыз жаңжалы болуп турган убакта тажик жарандары менен түз эфирге чыгып кыргыз бийлигин сындап, силер-тажиктер ыймандуу жакшы элсиңер деп айткан кыргыз жараны өз кайрылуусун таратты.

Ал өз сөзүндө «бир күн мурун тажик блогеринин видеосун көрүп калгам, алардын тынчтык тууралуу айтып жаткандары жаккан эле, эртеси мен түз эфирге чыгып кокусунан аларга кошулуп калдым.

Эмне айтышты билген эмесмин, сөзүм даяр эмес болчу, албетте бизде согуш жүрүп жатканын көрүп абдан капа болгом. Бийликке үнүмдү жеткириш үчүн биздин бийликте бандиттер отурат деп айтып салгам. Үнүм жеткен окшойт, мени эми эң жаман кылмышкер сыяктуу баары издеп жатыптыр. Күчтүү бийлик өз элин коркутпайт.» — деген ал.

Видео:

Анын буга чейин тараган видеосу кыргыз элинин кыжырын келтирген. Каны кайнаган жарандарыбыз ал кызды издей башташкан эле.

Ал тажик блогерлери менен эфирге чыгып кыргыз бийлигинде бандиттер отурат. Мен силерди колдойм, силер ыйманду жакшы элсиңер» деп айткан эле.

Яндекс.Метрика