Саясат

Текебаев кайра депутат болду

Жогорку Кеңештин 6-чакырылшынын депутаты Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайтарып берүү тууралуу арызын Боробордук Шайлоо Комиссиясы канааттандырды.

Буга чейин БШК «Текебаевге депутат болууга бош мандат жок» деп арызын артка кайтарган. Эртеси күнү «Ата мекен» партиясынын депутат Садык Шер-Нияз өзүнүн мандатын берүүгө даяр экенин айтып БШКга кайрылган.

Бүгүн, 15-октябрь БШК Текебаевдин арызын карап ага кайра депутат болууга уруксат беришти.

Яндекс.Метрика