Жаңылыктар Кызыктуу

Текебаев шайлоого катышпайт. Чыныгы себеби эмнеде?

Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоого катышпай турган болду. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын лидери 17-августта Бишкекте өтүп жаткан партиянын жыйынында билдирди. Ал мындай кадамын партияда жана саясий талаада жаштарга жол бошотуу максаты менен түшүндүрдү. “Ата Мекенди” парламенттик шайлоого Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев баштап барат. Ал аталган партиянын катарына 5-июнда кошулган.

Бийлик дегенде ичкен ашын жерге койгон, өмүр бою саясатта жүргөн Текебаев эмне себептен бул кадамга барды? Интернет колдонуучулар түрлүү божомолдорду айтышууда. Анын ичинде активист Мелис Аспековдун ою боюнча ал Маевскийден 1 миллион доллар пара алган жана ага дагы иш козголбосун үчүн гана шайлоодон четтеп турат, ал эч качан жаштарга орун бошотмок эмес деген ойлорун жазган.

Мындан тышкары Текебаев буга чейин соттолуп азыр дагы соту толук бүтө элегинде ал кантип шайлоого катышат эле? Бул нерсе мыйзамга каршы келээрин ага эч ким айткан жокпу? Өзү деле мыйзамдын атасы болуп туруп кантип кайра депутат болуп келем деди? Мыйзам боюнча соттолгон адам эң төмөнкү баскычтагы мамлекеттик кызматка дагы илеше албайт да!?

Биздин чоңдор канча соттолсо деле Жогорку Кеңеште жана башка чоң кызматтарда иштеп жүрүшөт. Бул көрүнүш Кыргызстанда мыйзам бир гана карапайым эл үчүн иштей турганын далилдеп турат.

Яндекс.Метрика