Жаңылыктар Саясат

Темир Сариев менен Жоомарт Оторбаев абактан чыгышты

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 20-ноябрда мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин баш коргоо чарасын өзгөрттү. Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, ал эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен абактан бошотулд. Сариев «Кумтөр» иши боюнча кармалып, УКМКнын СИЗОсуна камалган

Мындан тышкары мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев дагы УКМКнын СИЗОсунан бошотулду. Бул тууралуу күч түзүмдөрүндөгү булактар ​​билдирди. Маалым болгондой, ал бүгүн, 20-ноябрда бошотулган, иштин чоо-жайы айтылган жок. Оторбаев эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулдубу же иштин бүтүшүнө байланыштуубу белгисиз.

Яндекс.Метрика