Жаңылыктар

Тез кайрылуу! Мирлан Жээнчороевге, Руслан Казакбаевге

                                                                           

“Республика” саясый партиясынын

жетекчиси Мирлан Жээнчоровго

Руслан Казакбаевге

Талас шаарынын жашоочуларынын

КАЙРЫЛУУСУ

Биз, Талас шаарынын жашоочулары жана жарандык коомдун өкүлдөрү сиздерге кайрылганыбыздын себеби, “Республика” партиясынан талапкерликке койгон Талас шаарынын тургуну  Токторбаев  Адилет кечээ 6-октябрда, саат түнкү 19-20лар чамасында  мэрияга 60ка жакын топтолгон ээнбаш балдарды алып кирип, шаардын мэри Айдар Джузупбековго кол салып, мамлекеттик кызмат адамын коркутуу жолу менен арыз жаздырышкан.

Көчөдө жүргөн бейбаш балдарды топтоп келип, көзкөрүнөө кылмыштуулукка барган Адилет Токторбаевдын бул  аракетин кантип түшүнсөк болот. Же кечээ “Республика” партиясына келип, талапкер болгон  жаш жигит бүгүн каракчылык жол менен Талас шаарына мэр болгусу келдиби?

Бул  Токторбаев деген кимдер? Агасы Нуркан Токторбаев  Койсун Курманалиева губернатор болгондо Койсундун чапанын көтөрүп, карапайым элдер барса губернаторго киргизбей кошомат кылып, эшик тосуп жүрчү эле. Эми губернатор болом деп элди уюштуруп жүрөт. Иниси болсо Адилет Токторбаев мэр болом деп чуркап, топтолгон ээнбаш балдарды караңгы түндө мэрияга алып кирип кылмышка барып жатат. Тезинен бул баланы токтотуп, депутаттыктан талапкерлигин алып салыңыздар! Мындай немелер депутат болуп эч кимдин чекесин жылытпайт. Бийликке бара электе ушундай иш жасап жатат, барганда элди сатат, атат.

Мындай адамдар мэр болгонго татыктуу эмес, мындай бийликке барыш үчүн кылмышка барган балдардан эмнени күтөбүз!

Ойлонгула “Республика” партиясы, тойгонгула. Араңнарда кандай адамдар бар экенин талдагыла, тандагыла!

Эралиева А. Апрель революциясынын баатыры

Эшимбаева Э. Укук коргоочу

Ыбыкеева  А. Жарандык активист

Яндекс.Метрика