Тез картайтуучу азыктар
Туура тамактануу бул — узун өмүр жана ден-соолук булагы. Көпкө чейин жаш бойдон жүргүңүз келсе ар бир жеп, ичип жаткан тамагыңызга көңүл буруу керек.

1. Курамында холестерин жана белок көп азыктар: өтө майлуу мал эти жана андан жасалган тамак-аштар, каймак, жумуртка, балык, майлуу сыр, каймак май, майлуу быштак. Буларды көп колдонсоңуз, организмиңизге шлак көп топтолот, иммунитетиңиз начарлайт, ичегилерде зыяндуу бактериялар пайда болот.

2. Аш тузу. Муну көп колдонуу кан басымды жогорулатат.
3. Канцерогендүү азыктар: маргарин, өтө кызара куурулган майлуу тамак-аштар жана курамында ар кандай химиялык кошулмалары бар азыктар. Мисалы, сосиска, консерва.
4.Кумшекер. Клеткалардын бири-бирине жабышчаактыгын пайда кылат. Натыйжада, зат алмашуу начарлайт.

5. Ачытылган азыктар: ачытылып бышырылган ун азыктары.
6. Газдалган суусундуктар жана кукси сыяктуу даяр азыктар. Булардын курамында туз көп. Демек, картаюу процессин тездетет.
Картаюу процессин тездетүүчү азыктарга төмөнкүлөр да кирет:
Консерваланган азыктар
Кондитер азыктары
Ак нан
Куурулган картошка
Картошка боткосу
Пицца
Куурулган колбаса
Фрикадельки
Мармелад
Спирт ичимдиктери
Кофе