Видео Дүйнөдө

Тез жардам кызматын күтүп отурган калыбында каза болду

Маалыматка ылайык, 61 жаштагы аял өзүн жаман сезип, жакынкы мекеме болгон мектепке кирип «Тез жардам» кызматын чакырып берүүнү өтүнгөн. Мектептеги кызматкерлер аны имараттын ичине киргизишкен эмес. Алы кетип бара жаткан аялга сыртка отургуч алып чыгып берип отургузушкан жана «Тез жардам» кызматын чакырышкан. Окуя Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында болгон.

«Бирок аял дарыгерлер келгенче отургучта отурган калыбында жан берген. Мектептеги кызматкердер адамдын өлүмүнө жол беришти. Ал каза болгондон кийин үстүн жамынгыч менен жаап коюшкан, бирок сөөк ошол калыбында көчөдө турган.» — деп жазылат маалыматта.

Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери келип, аялда кыйноо белгилери болгон эместигин айтышкан. Ал эми мектепке жакын жашагандар жана мектептин кызматкерли каза болгон аял спирт ичимдиктерин көп ичип жүрчү деп билдиришкен. Полиция соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлөрүн белгилегендиги жазылат маалыматта.

Яндекс.Метрика