Жаңылыктар

Тигүүчү цехте өрт чыгып, 4 жашар кыз каза болду

Өрт борбор калаанын Ленин районундагы Аммосов көчөсү, 27 дарегинде жайгашкан тигүү цехтеринин биринде чыккан. Өрттүн аянты болжол менен 125 чарчы метрди түзөт Өрттү өчүрүүгө үч өрт өчүрүү бөлүмү жана беш куткаруучу катышууда.

Бишкектеги тигүү цехинде өрт чыгып, 4 жашар кыз каза болгонун 4-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.Өрт саат 12лер чамасында Аммосов көчөсүндө болгон. Саат 13:26да өрт чектөөгө алынган. Учурда өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Яндекс.Метрика