Тилек Матраимов качып бараткан жеринен кармалды (фото)

Раим Матраимовдун бир тууган иниси Тилек Матраимов Кыргыз-Өзбек чек арасынан кармалды. Ал өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет көрүп жаткан. Туугандары менен биргеликте чек арадан мыйзамсыз, сууну кечип өткөн. Азыр алар өзбек чек ара кызматкерлеринин көзөмөлүндө камалып турушат. Кыргыз тарапка өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт. Маалыматты УКМКдан билдиришти.
Тилек Матраимов 8 жыл бою Оштун Кара-Суу районун жетектеп келген.


