Жаңылыктар

Тирүүлөй беш эликти Өзбекстанга алып бараткан жаран кармалды

Мамлекеттик чек ара кызматы Баткен облусунун Кадамжай районундагы чек арадан беш баш эликти машинесине салып бара жаткан жаранды кармады.

Алардын төртөөнүн мүйүзү арааланганы белгилүү болду. Териштирүү учурунда айдоочу эликтерди Өзбекстанга алып бара жатканы аныкталган жана жаныбарлардын тийиштүү документтери болгон эмес.

Бул фактыны тийиштүү органдар иликтеп жатат. Ошондой эле жаратылышка келтирилген зыян эсептелүүдө. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин эсебинде Кыргызстанда төрт миңдин тегерегинде элик бар. Аларга аңчылык кылууга тыюу салынган.

Яндекс.Метрика