Дүйнөдө Жаңылыктар

Токаев Аскар Акаевди жубайы менен кабыл алды

23-июнда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевди жана анын жубайы Майрам Акаеваны кабыл алды.

Жолугушуу Нур-Султан шаарында өттү. Алар илим, билим берүү, санариптик экономика жана адам ресурстарын өнүктүрүү тенденциялары маселелерин талкуулашты. Климаттын өзгөрүүсүнүн көйгөйлөрү жана дүйнөдө болуп жаткан окуялар да козголду.

А.Акаев Кыргызстандын биринчи президенти. Ал 2005-жылдын мартындагы ыңкылап маалында өлкөдөн качып кеткен. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин профессору, Россия илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү.

Яндекс.Метрика