Саясат

Токтогазиев: «Ташиев менен Жапаров бийликти бөлүштүрө албай убара»

Мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев учурдагы бийлик тууралуу ойлору менен бөлүштү. Ал төмөнкүдөй пикирин жазган:

«Эки ̶д̶о̶с̶ дөө кагышса, ортодо чымын өлөт». Ташиев менен Жапаров бийликти ортосунан бөлүштүрө албай, алардын айлана-чөйрөсүндө жүргөн адамдардын да башы айланып калды. Байкуштар кимди угуш керек экенин да түшүнбөй калышты. Жапаров бир позиция менен чыкса, Ташиев пресс-конференцияларды берип, президенттин ыйгарым укуктарын ээлеп алгандай эле болуп, кээде Жапаровдун позициясына каршы пикирин билдирип коет.

Жапаров шайлоого өзүнүн «Мекенчил» партиясын чыгарбайм деп чечим чыгарса, Ташиев шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын чыгарып, жергиликтүү кеңештерди көп жерлерде өзүнүн колуна алып алды. Бул кырдаал албетте Жапаровго жана анын жанында жүргөн адамдарына жакпады.

Ошол үчүн айыл өкмөттөрдү жана мэрлерди дайындоо боюнча акимдер чечсин деген нормаларды жаңы мыйзамдарга киргизип жатышат. Күчтүү жергиликтүү бийлик — бул Борбор Азия өлкөлөрдүн арасындагы биздин салыштырмалуу чоң артыкчылыгыбыз.

Президенттин мен баарына жооп берем деген саясаты өлкөбүздү чоң туңгуюкка алып келет. Натыйжалуу башкаруунун бирден бир сыры — бул жумушту жана жоопкерчиликти туура бөлүштүрүү. Мисал катары үй-бүлөнү алалы. Үйдө бүт майда-чүйдө маселелерге чейин кийлигишип, диктатор-атасы эле баарын чече берсе — аялы да, балдарыда жоопкерчиликти өзүнө алгандыгын кандай экенин билбей да калышат.

Чечим чыгаруу, жоопкерчиликти өзүнө алуу сапаттары бат эле атрофия болуп жок болот. Мындай үй-бүлө туруктуу болобу? Атасы кокустан бир нерсе болуп кетсе, бул үй-бүлө менен эмне болот? Биз туруктуу өнүгүүнү каласак, ар бирибиз өзүбүздүн тагдырыбыз үчүн жоопкерчиликти алганды үйрөнөлү.

Эки дос бир бирине кызганып, канча жылдан бери түптөлүп келеткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын талкалай башташты. Ооба каталар көп болгон, бирок негизги багыты туура эле болчу. Бара-бара көч оңолот эле. Алдыга баскан жолдон бурулуп, кайра 20 жылга артка кетип бараткандай эле сезилет.

Манкуртка айланбайлы, достор! Өз алдынча башкаруу системасын сөзсүз сактап калалы. Ошол үчүн күрөшөлү!Ал эми эки дос болсо, бир бири менен сүйлөшүп алып, бирөөсү саясаттан тез убакытта кетип калыш керек болуп калды. Антпесе эки дос, эки дөөгө айланып, ортосунан Кыргызстандын мамлекет башкаруу системасын таптакыр эле талкаламай болушту.»

Яндекс.Метрика