Кызыктуу

Токтогул суу сактагычынан жүздөгөн адамдардын сөөктөрү табылды

Жалал-Абад облусундагы Токтогул суу сактагычынын жээгинен адамдардын сөөктөрү табылууда. Бул тууралуу Фейсбук колдонуучусу Кайырбек Конурбаев сүрөттөрдү жарыялады.

Анын айтымында, быйыл суунун деңгээли төмөндөп, бир кезде денеси суу сактагычтын түбүндө калган адамдардын сөөктөрү жээкке чыга баштаган.

Облустун башка тургуну Чотуров эки уулу менен бирге жаз башталгандан бери жээкке 100гө жакын адамдын сөөгүн чогултуп, жерге бергенин билдирди:

«Сөөктөр жээкке чачырап чыга баштаптыр. Байыркы шаар жана көрүстөндөр суу астында калган. Натыйжада сөөктөр жээкке суу менен жуулат. Мурда дагы адамдын сөөктөрү жээкке чыгып калчу, ушул жаздан бери өтө көп чыгып жатат. Мен болуп жаткан окуяга кайдыгер карай албай, уулдарым менен жээктеги сөөктөрдү чогулта баштадым. Алар сөөктөрдү көрүстөнгө алып кетүүнү көздөшкөн, бирок алардын саны ушунчалык көп болгондуктан, кайсынысын аларыбызды билбейбиз.

Натыйжада, суу сактагычтын жанына жер тыгызыраак жерлерде сөөктөрдү чогултуп, куран окугандан кийин ошол жерге көмөбүз. Эгер бир аздан кийин суунун деңгээли көтөрүлүп кетсе, анда биз көмгөн сөөктөр кайрадан сыртка чыгып калышы мүмкүн. Аларды көмүү үчүн менин үй-бүлөмдүн күчү жетпейт, анткени атайын көрүстөн болуш керек, ошондуктан мен «Ыйык Мурас» тарыхый-маданий мурастарын коргоо жана пайдалануу боюнча коомдук бирикмеге кайрылдым. Ошондой эле жергиликтүү тургундарды сөөктөрдү чогултууга жана көмүүгө чакырдык, бирок колдоо болгон жок. Айылдыктар буга көнүп калышкан окшойт, алар «Бул чоң кишинин сөөгү, ал эми бул баланыкы» деп көрсөтүп коюп андан ары кете беришет. Сөөктөр Үч-Терек тарабынан дагы, Торкент тарабынан дагы жатат», — деди ал.

Эске салсак суу сактагыч курулганга чейин ал жерде айыл болгон. Курулуш иштери башталаарда айылды толугу менен башка жерге көчүрүп салган.

Яндекс.Метрика