Ден-соолук

Толуп кетпеш үчүн кантип тамактануу керек?

Аазыркы учурда толуктук айымдардын гана эмес көпчүлүк эркектердин дагы көйгөйү болуп келет. Жылдан жылга дүйнө боюнча ашыкча салмак менен жабыркагандардын саны өсүүдө. Маалым болгондой ашыкча салмак бир канча ооруларга алып келет. Ошондуктан ар бир адам өз салмагын катуу көзөмөлгө алуусу керек.

Күнүнө 5-6 жолу тамактануу керек экендигин диетологдор айтып келишет. Ар бир адам өз салмагына,  жана жаш курагына карап тамактанышы керек. Ошондой эле кылган жумушуна да көңүл буруу керек, кыймылсыз отуруп иштегендер азыраак ккал коротушат. Норма боюнча отуруп иштеген адамдар 1500-2000 ккал туура болот. Аялдарга 1400, эркектер 1800 ккал.

Эмне менен тамактануу керек?

Бат баттан жана аз өлчөмдө тамактануу керек. Мисалы эртең менен 1 жумуртка менен сүт азыктарын колдонсо болот. Түшкө чейин салат, жашылча, жемиш. Түшкүгө кургатылган нан, айран, суп. Ашказан 4 сааттан ашык ачка калбоосу керек, мүмкүнчүлүк болбой баратса суудан ичүү керек. Жатаарга 4 саат калганда тамактануу керек. Мисалы 11де уктай турган болсоңуз кечки тамакты 7де ичүү керек.

Эмнелерди такыр жебеш керек?

Таттуу токоч, пирог, шекери бар бардык азыктан баш тартуу керек. Газдалган суусундуктар, жаңгак семичка, курамында май бар азыктын баары салмак кошууга шарт түзөт. Эң негизгиси эмне жеп, эмне ичип жатканыңызды көзөмөлдөп турсаңыз эле салмагыңыз сиз каалагандай болот.

Яндекс.Метрика