Кызыктуу

ТОП-10. Кыргызстанда эң көп айдалган автоунаалар айтылды

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин маалыматы боюнча 2020-жылдын декабрь айына карата Кыргызстанда 1 миллион 412 миң 206 автоунаа жана 1 миң 705 ар кандай маркадагы унаалар катталган.

Өлкөнүн жолдорунда эң көп «Mercedes-Benz» автоунаасы айдалат (138 миң 262 унаа документтештирилген);

Экинчи орунда Орусиялык «АвтоВАЗ» автоунаасы ээлейт (136 миң 539 унаа катталган);

Үчүнчү орунду 1992-жылдан бери Өзбекстанда чыгарылып келе жаткан Түштүк Кореянын «Daewoo» унаалары ээлейт (жалпы саны 133 миң 594 даана);

Япониянын «Toyota» жана «Honda» автоунаалары рейтингде 4-жана 5-орундарды ээлешти. Кыргыз өлкөсүндө 124 847 «Toyota» жана 117 миң 21 даана «Honda» автоунаасы бар.

Түштүк Кореядан, Германиядан, Орусиядан жана Япониядан келген автоунаа бренддери 5-10-орундарды ээлешти.

Яндекс.Метрика