Билип ал Ден-соолук

Транс-майлар деген эмне?Бул азыктар адамга чоң зыян келтирет

Куурулган тамактар

Кызарта куурулуп, үстүнө кыя кесилген сарымсак себилген картошка кандай даамдуу! Бирок, пайдалуу эмес. Куурулган картошкада организмге абдан зыяндуу майлар бар экенин унтупасак. Фастфуд, көчө тамактарын закуска кылып көнгөндөр кур дегенде картошка менен тоок этин үйдөн көп куурубай, буулап бышырып жегени дурус. Узак жашагыбыз келгени менен оозубузга тийгендин баарын жеп өз өмүрүбүзгө өзүбүз кастык жасайт экенбиз. “Сактанганды Кудай сактайт” демекчи, узак жашап, ден соолугу чың болууну каалагандар айрыкча ичип-жеп жаткан тамак-ашына көңүл буруп, көзөмөл кылышы зарыл. Аптапта муздак балмуздак жегиң келсе албетте, жесең болот дечи. Болгону кайра иштетилген тамак-аштарга караганда азык-түлүктөрдүн табыгый кезиндегиси алда канча пайдалуу.

Тузу көп тамактар

Үйдөн тамак жасагандан эринип дүкөндөрдөн даяр тамактарды ала коебуз. Жылдап-айлап пласстик баштыкчаларда кардар күкөн даяр тамактарда туз абдан көп, пайдалуу заттар абдан аз. Фабрикаларда жасалып, дүкөндөрдө сатылып, үйүбүздөгү казанга түшкөн даяр тамактарды көп жегендер кан басымдын жогорулоосу, инсульт, жүрөк талмасы оорусуна дуушар болушат.

Транс-майлары

Айрым майлар организмге пайдалуу, бирок, транс-майлар тескерисинче өтө зыяндуу. Өндүрүштө транс-майларды азыктүлүктөр көпкө чейин бузулбай сакталсын деген максатта кошушат. Транс-майлар организмге зыяндуу таасирин тийгизип, май клеткаларынын жыйналышына алып келет. Мисалы, жемиштер топтому кошулган жүгөрү сироп организмдин ачка-токту билүү жөндөмдүүлүгүн жоготот. Жыйынтыгында тамак-ашка тойбой семирип кетебиз. Майсыз тамактар деген жазууларды окуганда пайдалуу экен дейбиз. Майдын ордуна кант, жасалма таттуулар, ар түркүн кошулмалар андан дагы зыяндуу экенин билишибиз керек.

Яндекс.Метрика