Видео Кызыктуу

Троллейбуста тамеки тарткан аялдын видеосу талкуу жаратты

Шаар тургуну троллейбуста одоно окуяга туш болгон видео тарады. Анда ал тамеки тартып жаткан аялга чылым тартпоосун суранганда, ал кыйкырып, сөгүп баштаган.

«Салам, менде абдан жагымсыз жагдай болду! Кечээ саат 19:40та Совет көчөсүндө (Скрябиндин кесилиши) 10-троллейбуска түштүм.

Күтүлгөндөй эле алдыңкы эшиктен кирдим, биринчи орундукта бир аял сөгүнүп отурган, мен аны карасам ал айдоочуну окуткан инструктор экенин айтып, кечирим сурады!

Андан кийин ал айдоочуга «колуңан эч нерсе келбеген адам экенсиң» деп кыйкыра баштады жана салон сасып калбашы үчүн эшиктерди ачууга буйрук берди! Айдоочу баш тартты! Анан ал тамекисин алып чыгып, троллейбустун салонунда тамеки тарта баштады!

Мен андан тамекини чекпөөсүн өтүндүм, бирок аялдан агрессивдүү уят сөздөрдү гана уктум, ал өкмөттүн кишиси экенин жана ал колунан келгендин баарын жасай ала тургандыгын айтты!

Менин боюмда бар болгондуктан тамекинин жыты кускумду келтирип жатты, ошондуктан аялдан дагы бир жолу тамекини таштоону сурандым жана видеого тартып алдым!

Бирок мен видеого тартууну токтоткондон кийин ал өзүн андан дагы жаман алып жүрө баштады! Бүткүл салонго кыйкырып, карганып, урушту! Мен милицияга телефон чалдым, ал чакырууну угаар замат троллейбустан чуркап чыгып кетти! Видеону тиркеп койдум, өлкө өз «баатырларын» билип алсын.» — деп жазган шаар тургуну.

Видео:

Яндекс.Метрика