Дүйнөдө

Турцияда кыргыз келинди кайнатасы өлтүрүп, жиликтеп салган

Түркияда Кыргызстандын жаранын мыкаачылык менен өлтүргөн деп шектелип ушул өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары 12-октябрда билдиришти.

Маалыматка ылайык, 65 жаштагы Фехми Адсыз аттуу киши өзүнүн 31 жаштагы Аят аттуу келини менен урушуп кеткен. Окуя болгон күнү келиндин күйөөсү үйдө болгон эмес. Каргашалуу окуя Текирдаг шаарында болгон. Келин эки баланы тарбиялап келгени маалым болду.

Фехми менен Аяттын ортосундагы оозеки жаңжал мушташка айланып, жыйынтыгында кайнатасы келинди бычактап өлтүргөн. Келининин сөөгүн жашыруу үчүн аны бөлүктөргө бөлүп, жарымын таштанды салган челекке ыргытып, жарымын сандыкка жашырган.

Бул убакта өлтүрүлгөн келиндин кайненеси үйүнө келген соң окуяны көрүп кошуналарына жардам сурап кайрылган, алар өз кезегинде полиция чакырышкан.

Яндекс.Метрика