Түз эфир. Матраимовду колдогондор митингге чыгышты
Бүгүн, 19-февралда УКМКнын алдында Райымбек Матраимовду колдоо митинги өтүүдө. Имараттын алдына Матраимовдун кармалышына каршы болгон тарапташтары чогулган. Топтолгондор «Эмнеге Кулматов камалбайт!», «Матраимовду бошоткула!» деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушат. Ошондой эле Кара-Суу шаарында Исмаил Ата атындагы мечит астында да Матраимовдун тарапташтары нааразчылык акциясын уюштуруп жатышат.
