Билип ал Ден-соолук

Учукту үй шартында тез айыктыруунун жолдору

Учуктан уй шартында арылуунун бир нече жолдору менен таанышып алыңыздар.

Вазелин

Эринге учук чыкканда көпчүлүк аны макияждын жардамы менен жашырам деп жаңылыштык кетирет. Андан көрө эриниңиздин учук чыккан жерине өтө көп эмес вазелин сүйкөп коюңуз. Ал жараатыңызды бактерия кирүүдөн сактап, айыгышын тездетет. Ошондой эле күндүн нуру териңиздин жараатына зыян алып келбөөсү үчүн эшикке чыгарда күндөн коргоочу каражаттарды колдонуңуз.

Май

Ар түрдүү майлар дагы эриндеги учуктун айыгышын тездетет. Ошондой эле эшикте шамал болгондо же кургак климатта жашасаңыз, майдан сүйкөп алсаңыз коргоочу болуп берет. Эгерде үйүңүздө Ацикловир майы болсо эң сонун, бул май учукту айыктырууда натыйжалуу. Анын таблеткасын да ичсеңиз болот.

Кара чай

Эриниңизге чыккан учукка кайнак сууга малынган баштыктагы кара чайды бир канча мүнөт басып туруңуз. Бул компресс ооруганын басып, айыктырат.

Сарымсак

Сарымсак көптөгөн вирустарды жана инфекцияларды айыктырган табигый антибиотик экенин баарыбыз билебиз. Учукка да табылгыс дарылардын бири. Бир тишче сарымсакты экиге бөлүп, бир бөлүгүн жараатка басыңыз.

Сүт

Сүттүн курамындагы лизин заты эриндеги жараатты айыктырууну тездетет. Андыктан сүттүн жардамы менен учуктан оңой кутуласыз. Тегерек кебезди сүткө малып эриниңизге коюңуз.

Помидор жана алоэ

Эриниңизге бир нече мүнөт помидордун этин коюңуз, андан кийин алоэнин сабагынын ички тарабын бассаңыз, учуктан арылууга жардам берет. Өзгөчө алоэ өтө пайдалуу. Бул өсүмдүк жараатты кургатып, айыктыруусун тездетет.

Бал жана уксус

Уксус менен бал вируска каршы каражаттар болгондуктан эринге чыккан жагымсыз учукту айыктырууда жардамы зор. Бир аш кашык балга бир аз уксус кошуп, ага тегерек кебезди малып эринге коюңуз.

Яндекс.Метрика