Билип ал Кызыктуу

Учурашуудан баары билинет

Учурашууда кол сунган адамдын колун эптеп эле кармап коюу ирээн­житет. Жансыз учурашуу адегенде эле адамдардын ортосундагы алакага чоң жарака кетирет. Колду бекем кысып, чын ыкластан, жылмайып учурашуу ишти андан кийин алып кетүүгө чоң өбөлгө түзөт.

Ошондой колду өтө эле бекем кысып, каршы келген адамдын колун сындырчудай түр көрсөткөн да туура эмес. Бул ачуулануудан ка­бар берет. Учурашаар алдында эркек киши сөзсуз колкапты чечүүсү зарыл. Ал эми яалдар колкапчан эле кол суна берсе жарашат. Мындан тышкары ар кайсы элдин өздөрүнө ылайык учурашуулары болот. Чыгыш элдери, корей, япондор баштары менен кошо ийилип саламдашышат. Кол көтөрүп же колун көкүрөгүнө коюп сөз менен учурашкан элдер дагы бар.

Кол кармашып, өбүшүп учурашуу эң көп тараган саламдашуу болуп саналат. Учурашууда башка иштерди койо туруп алгач ден-соолукту сураган туура болот. Андан кийин башка сөзгө, иштерге өтсө болот. Жаңы таанышып жаткан адам менен болгон учурашуу ал адамдын элесин көпкө калтырат. Адамды эстегенде эң алгачкы саламдашуу дайыма эске түшөт. Кийинки мамиле кандай боло турганын саламдашуу чечет.

Яндекс.Метрика