Жаңылыктар

UFC 254. Кыргыз мушкери Абу-Дабиде беттешке чыгары айтылууда

Кыргыз мушкери Азис Сатыбалдиев UFC турниринде алгачкы беттешин өткөрүүсү мүмкүн.

24-октябрда өтө турган турнирге Дагестандык Хабиб Нурмагомедовдун иниси Умар Нурмагомедов (12 — 0 — 0) дагы катышат. Бул дагы анын UFCде дебюттук беттеши болот. Ал жеңил салмакта Казакстандык Сергей Морозовго (16 — 4 — 0) каршы чыгат. Бирок 18-октябрь күнү Дубаида Умардын дене табы көтөрүлүп ооруканага жеткирилгенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Мындан улам ал турнирге катышпай калышы толук ыктымал экени айтылып жатат. Атаандашы Сергей Морозовго каршы Кыргызстандык Азис Сатыбалдиев чыгып калышы дагы айтылууда. Ал UFC алкагында 4 беттеш өткөрүүгө келишим түзгөн.

24-октябрда Абу-Дабиде UFC 254 турниринде башкы беттеш убактылуу чемпион Джастин Гейджи (22 — 2 — 0) менен Хабиб Нурмагомедовдун (28 — 0 — 0) ортосунда болот.

Яндекс.Метрика