Билип ал

Угуучу кулак болбосо, ушакчы тил да болбойт

Эгерде адам ушак менен канчалык күнөө кылып жатканын билген болсо жашоо таптакыр башкача болмок..

Курандан чыныгы ыкласты үйрөнгөн мусулман жанындагы адам башка бирөөлөрдү гыйбат кыла баштаганда дароо «Аман болуңуз», – деп туруп кетүүсү керек».

Азыркы учурларда «Парасыз жашоо үчүн!», «Таза аба үчүн!» – деген сыяктуу ураандарды колдонгондор көбөйдү. Баарыбызга маалым болгондой, мындай чакырыктар ар кандай жаман илдеттерден арылуу, жакшы жашоо үчүн багытталган иш-чаралар болуп саналат.

Мына ошондуктан, биз да «УШАКСЫЗ ЖАШОО ҮЧҮН!» деп ураан чакырууну туура таптык. Анткени «Таза аба үчүн!» деп чакырык таштагандардын айрымдары тамекиден арылууну көздөөдө. Ошондой эле, бул эки ураандын бири-бирине окшоштугу, тамеки менен гыйбаттын окшоштугундай.

Себеби, экөө тең жеке адам үчүн да, коомчулук үчүн да олуттуу зыян бере турган илдет. Адистердин айтуусу боюнча, тамеки тарткан адамга караганда, жанында отурган адамга көбүрөөк зыянын тийгизет. Гыйбат болсо айткан адам үчүн да, аны уккан адам үчүн да өтө зыяндуу жана чоң күнөө.

Элибизде «Ушакчы – ушакчы эмес, ушакты уккан адам – ушакчы» дегендей, кимдир бирөө гыйбат кылып жатса, эч кандай камтагана болбой муюп угуп олтурган адам ошол гыйбат кылып жаткан адамдай эле чоң күнөөгө калат.

Ошентип, бирөө гыйбат кылып, экинчиси аны угуп олтурган эки адам, кудум эле ошол жамандалып жаткан үчүнчү адамдын өлүмтүгүн чайнап жегенге жана адам баласы чыдагыс тарптын жытын ооздору менен жайып, айлана-чөйрөнү булгаганга тете иш кылып жатканын эсинен чыгарышпасын. Мындай ыпыластыкка соо адам барбай турганын, андай иштен баары жийиркене турганын да эстен чыгарбоо абзел.

Гыйбатты айткан адам гана күнөөгө батып тим болбой, аны угуп олтурган адам да күнөөгө батат. Гыйбат кылган адамды угуп олтуруу эң жаман шериктештик жана тилектештик болуп саналат.

Эгерде биз олтурган жыйында гыйбат айтыла баштаса,

«Кечиресиз, мен буларга кулак сала албайм. Сураныч, мындай сөздөрдү айтуу менен мени жана ушул жерде олтургандарды ыңгайсыз абалга калтырбаңыз. Андай күнөө иштерге күбө болуп калсак, ал иштерди жүрөгүбүз менен жаман көрүп, каршы экенибизди билдирүүбүз зарыл. Себеби, мындай иштерди жаман көрбөө, жийиркенбөө ыймандын алсыздыгынын белгиси.

@oigo_salam

Яндекс.Метрика