Билип ал Ден-соолук

Уйкунун жетишсиздиги бул 5 ооруну пайда кылат

Уйку жашоонун эң маанилүү бөлүгү. Ал эс алуу үчүн гана эмес. Кечинде көзүбүздү жумуп, өткөн суткадагы бардык стресстерден кийин организмге кубат берүү мүмкүнчүлүгүн беребиз. Уйку учурунда миллиондогон процесстер жүрүп, бузулган клеткалар калыбына келет.

Бирок биз уктабасак мунун бири дагы болбойт. Түнкүсүн уктабай чарчап, узак убакытка чейин уйкусуз жүрүү ден-соолукка чоң залал алып келет.

Окумуштуулар дененин ар кайсы бөлүктөрү күнүнө сегиз саат уйкусуз калса эмне болорун жакшы изилдеп чыгышкан. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, уйкунун жетишсиздиги рактан баштап, кант диабетине чейинки бир топ олуттуу жана өмүргө коркунуч келтирген ооруларга алып келиши мүмкүн.

Уйкунун жетишпегендиги төмөндөгү ооруларга алып келет:

1. Альцгеймер оорусу

Джонс Хопкинс университетинин 2013-жылдагы изилдөөсү боюнча, уйкунун жетишсиздиги Альцгеймер оорусун шарттап жана тездетиши мүмкүн. Изилдөөлөрдүн натыйжасында уйку мээдеги «мээ калдыктарынан»арылуу үчүн сөзсүз керек. Уйкунун жетишпегендиги топтолуп отуруп акыл-эссиздикке алып келген Альцгеймер оорусун пайда кылат.

2. Семирүү жана кант диабети

Диабет менен начар уйкунун ортосундагы байланыш илгертен бери эле белгилүү болуп келген, бирок Чикаго университетинин жакында жүргүзгөн изилдөөсүндө уйкунун жетишсиздиги семирүүгө алып келиши мүмкүн, бул өз кезегинде кант диабетине алып келери аныкталды.

Кандын май кислотасынын деңгээли зат алмашуу ылдамдыгына жана инсулиндин кандагы кантты жөнгө салуу жөндөмүнө таасир этиши мүмкүн экендигин эске алып, изилдөөчүлөр уйкунун канбай калышы май кислотасынын топтолушуна кандай таасир этерин изилдешкен.

19 эркектин уйку режимин талдап чыккандан кийин, изилдөөчүлөр үч түн ичинде төрт саат гана укташкандардын канында май кислоталарынын көлөмү 4: 00дөн 9: 00гө чейин көбөйгөндүгүн аныкташты. Бул күн сайын кечинде 8,5 саат уктагандарга караганда 15-30% га көп.

3. Жүрөк-кан тамыр оорулары

Жүрөк-кан тамыр оорулары илгертен бери уйкунун канбашы менен байланыштырылып келген, бирок EuroHeartCareде (Европа Кардиология Коомунун жылдык жыйыны) сунушталган жаңы изилдөө ачык-айкын корреляциянын далилин тапты. 25-64 жаштагы 657 орусиялык эркек кишилерди 14 жыл бою байкоо жүргүзгөндөн кийин, изилдөөчүлөр жүрөк талмасынан жабыр тарткандардын үчтөн экиси уйку жетишпеген жашоо образда болгон.

4. Өз өмүрүнө кол салууну көксөө

Бул таң калыштуу болушу мүмкүн бирок, 2014-жылдагы изилдөө депрессиянын тарыхына карабастан, чоң кишилердеги суициддин көбөйүшү менен уйкунун жетишсиздиги ортосундагы байланышты тапкан.

Стэнфорд медициналык университетинен 10 жылдык изилдөөдө 420 орто жана улгайган катышуучуларды изилдеген. Тилекке каршы, алардын 20сы уйкусунан жабыркап, өз өмүрүнө кол салышкан. Ушунун негизинде изилдөөчүлөр тынымсыз уктай албай кыйналган адамдар өз жанын кыюуга 1,4 эсе көп деген жыйынтыкка келишкен.

5. Ашказан жарасы

2014-жылы жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, ичеги-карындын сезгенүү жарасы, кызыл өңгөчтүн былжырлуу кабыгындагы жаралар жана Крон оорусу уйкунун аздыгынан жана ашыкча уйкудан улам келип чыгышы мүмкүн. Массачусетс госпиталынын изилдөөчүлөрү тамак-аш сиңирүү тутумундагы сезгенүү реакцияларына каршы күрөшүү үчүн уйку кадимкидей өлчөмдө болушу керектигин, жогоруда аталган эки оорунун себепкери экендигин аныкташты.

Яндекс.Метрика