Уйкусуздук эмнеден келип чыгат?
Уйкусуздук жагымсыз көрүнүш. Таң атканча кирпик какпай, бир капталынан бир капталына оодарылып жатуу менен таңында башы катуу ооруп калган адамдын ден соолугуна орчундуу залал тийет.
Психологдор адам уйкусуздук менен күрөшпөй, эң оболу өзүн тынчтандыруусу зарыл деп эсептешет. Бул үчүн жөнөкөй эрежелер бар, аны көңүлгө ала жүрүү керек.

Жек көрүү, көрөалбастык, каардуулук сыяктуу сезимдерди ичке жыйнабаңыз!
Йогада айтылгандай адам бирөөнү жек көргөндө, көрө албай ачуусу келгенде, каарданып башкаларды урушуп-тилдей баштаганда “викар” – уу денеге жайылып, органдарды, клеткаларды жабыркатат.
Адамдардын кемчилигин издебеңиз. Тескерисинче менде мындай кемчилик жокпу, кемчилик болсо оңдоюн деп ойлоңуз.
Тынчы жок адамдар уйкусуз болушат. Күндүз болуп өткөн окуялар сезимтал адамдардын мээсинде кечкисин кайталанат. Аң сезими жабыркаган адамдар майда-чүйдөгө чейин аябай маани беришет. Андыктан уйку цикли бузулат. Жаздыгым жумшак, уйкум тынч болсун десеңиз:
— Башка бирөөнүн чөнтөгүндөгү акчаны санабаңыз!
— Күн бою жылмайып, жайдары жүрүңүз. Күлкү ден соолуктун мүлкү.
— Кечки ишти таңкыга калтырыңыз.
— Уктаар алдында жакшы ойлорду ойлонуңуз.
— Кечки тамакты эрте ичип, саат түнкү 12ге чейин жатууга кам уруңуз.
— Көмкөрөсүнөн жатуу дем алуу органдарын жабыркатат.
— Кырдачынынан жатуу тамактын сиңүүсүнө жакшы, он эки эли ичегинин иштешине жакшы шарт түзөт.
— Күн ысыкта оң капталдап, күн суукта сол капталдап жатуу керек.
— Үп болгон ысыкта оң кулакка пахта тыгып, сол жамбаштап жатса уйку тынчыйт. Күн суукта тескеринсинче.
— Диета кармагандар жатаар алдында катуу ачка болсо бир аш кашык балды шимип жегени оң. Эгер ачкалык сезими кетпей, ашказан курулдаса 1 стакан майсыз сүт, жемиш ширесин же кайнак суу ичүү керек.
— Жаздык өтө жумшак же катуу болбошу керек.
Бир уламыш бар. Абхазиядагы 100 жашка чыккан, чыйрак абышкадан сурашыптыр, “Кантип 100гө чыктыңыз?” деп. Анда карыя айтыптыр, “Мен эч кимге көз арткан жокмун жана мени көрө албагандардан оолак жашадым”.