Жаңылыктар

УКМК чагымчыл материалдарды тараткандарга чара көрөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети социалдык тармактарда аймактар ​​аралык жана улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган чагымчыл материалдардын жайылышы тууралуу реакция кылды.

«Бул чагымчыл материалдар өлкөдөгү коомдук жана саясий кырдаалды курчутуу максатында жайылтылууда. УКМК аталган материалдарды түзүүгө жана жайылтууга катышкан адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө», – деп билдирди комитеттин басма сөз кызматы.

УКМК аймактар ​​аралык кастыкты козутуу максатында чагымчыл жана башка материалдарды жайылткандарга кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет.

Яндекс.Метрика