Жаңылыктар

УКМК депутатты желкелеген бойдон кармап кетти. Сүрөт

УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкуловду 15-январь күнү Ош шаарында кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле УКМК менен ИИМдин тергөө кызматы биргелешип кылмыштуу топтун мүчөсү Жантай Шаменовду дагы Чүй облусунун аймагынан кармаганы айтылат.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен депутат Төрөкулов эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган. Ал эми Шаменов убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Белгилей кетсек, Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңеште «Бир Бол» фракциясынан депутат. Октябрдагы башаламандык учурунда Ош шаардык мэриясын басып алып, өзүн-өзү мэр деп жарыялап эки күн отурган.

Яндекс.Метрика