Жаңылыктар

УКМК миллиардер Жалил Атамбаевди кармады

УКМК ички иштер органдарынын мурунку кызматкери, белгилүү Жалил Атамбаевге каршы козголгон бир катар кылмыш иштери боюнча, анын ичинде мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы туралуу тергөө иштери жүрүп жаткан Атамбаевди кармады.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, республиканын ички иштер органдарынын кызматкери болуп саналган Ж.Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган.

Иште чогултулган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 3-мартында КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (мыйзамсыз баюу) боюнча Ж.Атамбаев кармалып жана КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Яндекс.Метрика