УКМК Таласта мыйзамсыз ташылып келинген 40 миллион сомдук тамекини кармады
2021-жылдын 7-мартында УКМКнын кызматкерлери Таласта мыйзамсыз ташылып келинген 2 оор жүк ташуучу унаа тамекини кармашты. УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей кармалган жүк ташуучу унаалар ар кандай өндүрүүчүлөрдөн 760 миңден ашуун куту тамекини тийиштүү уруксат кагазы жок мыйзамсыз ташып баратканы аныкталды.


Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган контрабандалык жүктүн наркы 40 миллион сомдон ашат. Учурда бул иш боюнча бардык жагдайларды жана бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети республика боюнча контрабандага каршы жигердүү жана катуу күрөшөт. Аныкталган фактылар жана мыйзам бузуулар боюнча УКМК Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрөт.