Жаңылыктар

УКМК журналист Үмүт Мукамбетованы кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалымат агенттигинин башчысы У.М. кармалды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз борборунан билдиришти.

Белгиленгендей, буга чейин УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Пара талап кылуу” беренеси боюнча сотко чейинки иш-чаралар жүргүзүлгөн.

«Ал 84 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен пара менен кармалган. Патрулдук милиция кызматкерлери мас абалында унаа айдагандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган учурда арыз ээси тартылган видеотасманы алып салуу үчүн ал акча талап кылган. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын башчысы УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп билдиришти министрликтен.

Белгилүү болгондой, укук коргоо кызматкерлери «Кабарлар» маалымат агенттигинин башчысы Үмүт Мукамбетованы кармашканы айтылууда.

Яндекс.Метрика