УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев ооруканага түшүп калды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиев дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Учурда Камчыбек Кыдыршаевич Бишкекте эле текшерүүдөн өтүп жатат. Ал жүрөк оорусунан улам ооруканага түшүп калды. Аны ар кандай тармактагы медиктер кандай кылып дарылаш керек деп текшерүү жүргүзүп жатышат. Азыркы абалы жакшы эле. Бирок дарылаш керек».