Дүйнөдө Жаңылыктар

Украинада 20 жаштагы кыргызстандык каза болду. Сөөгү Ысык-Көлгө коюлат

Украинадагы согушта кыргызстандык 20 жаштагы Эген Ж. каза болду. Маркумдун бир тууганынын айтымында, жакын арада сөөк Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылына жеткирилет.

«Ал Орусиянын жараны болгон. Ушул жерде туулуп-өскөн. Мен 2021-жылы Россияга баргам. Норильскиде армияга чакырылган. Анын кызмат кылууга убактысы болгон жок. Бизге 8-мартта каза болгонун айтышты. Бирок алар каза болгонун 13-мартта жарыялашты. Бизге орус тарап сөөктү жеткирет деп айтышкан. Азыр көр казып жатабыз», — деди ал.

Украинанын айланасындагы окуяларга байланыштуу кырдаал оор бойдон калууда. Бул өлкөдө согуш уланууда. Орусия атайын аскердик операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Аскер жана карапайым калктын арасында курман болгондордун саны өсүүдө. Көптөгөн мамлекеттер Россия Федерациясына каршы катаал санкцияларды киргизишкен жана киргизүүнү улантууда.

Яндекс.Метрика