Дүйнөдө Жаңылыктар

Украинадагы абал. Орустар 471 украин аскерин кармап алышты

Орусиянын Коргоо министрлиги украин аскерлеринин 302-зениттик-ракеталык полку өз ыктыяры менен куралын таштаганын жана 471 украин аскери кармалганын билдирди. Бул тууралуу «РИА Новости» жазып чыкты.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, бир күн мурун украиналык “Азов” батальонунун аскер кызматкерлери Мариуполдун четиндеги конуштарга жана Мариупольдогу мектепке “Град” ракеталарын учурушкан.

Өткөн суткада Куралдуу күчтөр Херсон менен Бердянск шаарларын тоскон, Геническ жана Херсонго жакын Чернобаевка аэродромдору көзөмөлгө алынган. Орус аскерлери чоң шаарлардын бири болгон Харьков шаарына да кирип барышкан.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты ырастай элек. Социалдык тармактарда орусиялык аскерлер Харьковго киргени тартылган деген видеолор тарай баштады.Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди.

Үч күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун токтото элек.Украинанын cаламаттык сактоо министри Виктор Ляшко “Фейсбуктагы” баракчасына Орусиянын аскердик кол салуусунан 198 украиналык каза болгонун, алардын үчөө жаш балдар экенин жазды. Ага чейин украин бийлиги 137 аскери курман болгонун маалымдаган. Орусия өлгөн же жараат алган аскерлери тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

Кытай Орусияга карата санкцияларга каршы оюн билдирди. Санкциялык саясат украин проблемасын чечүүгө салым кошо албайт деп эсептейт жана мындай мамилеге каршы.

Бул тууралуу Интерфакс Кытайдын тышкы иштер министри Ван Иге шилтеме берүү менен билдирди. «Ван Йи Кытай Украина маселесин чечүү үчүн санкцияларды колдонууга, эл аралык мыйзамдарга туура келбеген бир тараптуу санкцияларга каршы экенин айтты», — деп билдирди.

Орусиянын Украинадагы атайын аскердик операциясы төртүнчү күндөн бери уланууда. Ал 2022-жылдын 24-февралында башталган. 25-февралда өлкөнүн түндүгүндө, түштүгүндө жана чыгышында салгылашуулар болгон. Кээ бир шаарлар тосулган же басып алынган.

Аскерлердин жана карапайым калктын арасында курман болгондордун саны өсүүдө. Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы катаал санкцияларды киргизип, бирок алар Украинада согушуудан баш тартышты.

Кечээ, 26-февралда Россия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украина сүйлөшүүдөн баш тарткандан кийин аскердик операция улана турганын билдирген.

Яндекс.Метрика