Жаңылыктар

Украинанын желеги Хан-Теңири чокусунда көтөрүлдү

7010 метр бийиктиктеги Хан-Теңири чокусунда Украинанын желбиреген. Бул тууралуу Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин социалдык тармактардагы расмий баракчасында маалымдалды.

Белгилүү болгондой, туу 23-августта белгилене турган Украинанын Мамлекеттик туу күнүн утурлай кыргызстандык альпинисттердин тобу тарабынан көтөрүлгөн.

Эске салсак буга чейин альпинисттер Ак-Суу капчыгайындагы Путин чокусуна Украинанын желегин орнотуп кетишкен. Кийинчерээк ал алынып, альпинисттер суракка алынган.

Яндекс.Метрика