Жаңылыктар Кызыктуу

Улан Үсөйүндүн унаасынын дөңгөлөктөрүн бошотуп кетишти

Социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан «кызыл калпакчан» аталып калган активист Улан Үсөйүндүн унаасынын дөңгөлөктөрүнүн бурамаларын белгисиз адамдар бошотуп кетишкен. Бул тууралуу Үсөйүн төмөнкүдөй билдирүү жазган:

«Эки күн мурун болгон кызыктуу жана күмөн саната турган окуя болду.

Унаамдын алдынкы бир дөнгөлөгүнүн эки буроосун чечип, үчөөсүн бошотуп,

андан тышкары эки дөнгөлөктүн буроолорунун баарын бошотуп кетишиптир.

Өзүнөн өзү эч качан андай болушу мүмкүн эмес эле. Андан эки күн мурун СТОдон текшертип, Токтогулга чейин барып келгем.

Эми унаа айдагандар билесиңер, чоң жолго чыгып, ылдамдыкта бара жатканда
алдынкы бир дөңгөлөк ыргыса, бош турган эки дөнгөлөк менен эмне болмокмун.

Кудай чоң сактады!

Кудай жалгап, ордубуздан жылаарыбыз менен буроосун чечип кетишкен дөңгөлөк жарылып калып, билип калдык.

Болбосо, балким бул посту жазбайда калат белем.

Эми эмне дешти, эмне деп ойлошту да билбей калдым.
Баарыбызга аманчылык! Сак жүрөлү!

Жараткан күтүүсүз жана даярдалган кырсыктан сактасын»-деп жазган активист.

Яндекс.Метрика